«Болсун!» - десең, аалам болот мындан башка, «Чыксын!» - десең, гүлдөр чыгат кара ташка. Гүлдөгөн жер күлгө айланып, деңиз соолуйт, Кокусунан улуу Кудай каарына алса. Сыйынабыз бир Кудайга, Коргоочубуз бир Кудайга, Соттоочубуз бир Кудайга. Бар адамды бир чындыктан жараткансың, Баш ийдирип бир чындыкты караткансың. Акыры Сен келериңди биз билебиз, Ага чейин Жакшы Кабар тараткансың. Жалгыз Өзүң жок нерсени бар кыласың, Өз эркиң го канча жашоо тартуулайсың. Сыйынабыз бир Өзүңө, Кудай Ата, Теңдеши жок бир Өзүңсүң жалгыз гана. Колун сунуп, сууруп чыгат азгырыктан, Кудай сүйөт, кечикпей кел сыйынууга. Дитиңди бер, жүрөгүң бер, оюңду бер Койнун ачып күтүп турган бир Кудайга.День Різдва يسا ريزامىن Ny Mpamonjy be fitia Rastiyê Bibêjin Դու գիտես,Աստված իմ Шаъну шараф ба Ту гуем Nå vil jeg prise Jesus qm wngẖm yạ mrnm Kde hľadať radosť vo svete? Зима - зима
Song not available - connect to internet to try again?