Аалам-жердин Башчысын сүйүү жыргал, Аны менен ар дайым жүрүү жыргал. «Азыр келип калса экен Атакем», - деп, Алдын тосуп, аздектеп күтүү жыргал. Теңирим Ыйса менен болуу жыргал, Ыйык Рухка ар убакта толуу жыргал. «Ырайымың, каныңды баалаймын», - деп, Жүрөгүң Ыйса үчүн согуу жыргал. Кереметин Кудайдын көрүү жыргал, Курч кылычтай сөздөрүн угуу жыргал, Кудайдан алган аян-ачылышты Бир туугандар бөлүшүп туруу жыргал. Эң жогорку Теңирди даңктоо жыргал, Эгедерин эл-жердин мактоо жыргал. Эркиндикти тартуу кылган Теңирди Ээси кылып жүрөктө сактоо жыргал.Буду Славить Тебя ลูกนั้นรักพระองค์ Lord I love You wǒ men yào chēng sòng yé hé huá ДОЙДОХ ДА СЕ ПОКЛАНЯМ Nuestra Vida Acabara Със страх мълчете, твари вси Tu Doamne eşti viaţa اكە، يسا، كيەلى رۋح Pour triompher dans les combats Tu es Dieu
Song not available - connect to internet to try again?