Адамзатты абдан сүйгөндөн, жер бетине келгенсиң. Мээримиңди төгүп чыдап Сен, «күнөөңдөн кайт» дегенсиң. // Азап чектиң чыдап айкаш жыгачта, Күнөөм үчүн Теңирим. // Көрө албай Сени көз менен, көп издедим өмүрдө. Канча күндөр Өзүңдү билбей, кир толтурдум көңүлгө. // Кийин гана жүрөгүмдөн сездим мен Бар экениң, Кудайым. // Жолумдагы жарык жылдыздай, жанып турдуң жаркырап. Багымдагы мөлтүр булактай, агып турдуң шылдырап. // Жарык күндүн күлмүңдөгөн көзүндөй Нуруң чачтың, Теңирим. // Колумдагы асыл берметтей, Сенин ыйык сөздөрүң. Окуганда абайлап карай, жашка толот көздөрүм. // Сыйынганда, үнүм угуп асмандан, Жооп бердиң, Теңирим. //Без конца 在福音的路途上 Я не свой Христом спасенный hạfḍl ạ̉rnm lyk nfsy yạrb wdh sẖwq qlby ạsẖkrk ʿly̱ ẓrwfy A nap bíborban áll Аалам ырдайт Жаратканга даңктоо Тихое место Мəним садиг Достум вар - чох гијмəтли
Song not available - connect to internet to try again?