Адашып көпкө жүргөмүн, күнөөгө азгырылгам, Адилеттиктен түңүлгөм, дүйнө мени алдаган. Жардамды кимден күтөмүн, ким арылтат кайгыдан? Ошондо Теңирим айтты: Мен сени абдан сүйөм. Мен сени, Мен сени, Мен сени абдан сүйөм, Кудайдын үнү жагымдуу: Мен сени абдан сүйөм. Сүйүп мени кабыл алды, күнөөлөрдөн арылтты, Өмүр китебине жазды Теңир менин атымды, Башым ийип, таазим кылып, айттым ырахматымды. Кудайдын үнү жаңырды: Мен сени абдан сүйөм. Азгырыкка алдырбаймын, күнөөгө каршы турам, Теңир Ыйса Досум болду, кеңешти Андан алам, Кучагына Кудайымдын кандай жакшы жашынган, Сооротот Ал мени дайым: Мен сени абдан сүйөм. Келчи, түйшүккө батпачы, ишенсең, Ал куткарат, Карасаң айкаш жыгачты, Ал сени жандандырат. Чын жүрөктөн тобо кылсаң, жүрөктөн орун алат, Угасың Теңирдин үнүн: Мен сени абдан сүйөм.jzʾ 2 Amen x 5 - Jezus Żyje! Радость радость непрестанно jlsẗ fy ḥḍrẗ ḥbyby rby sbyt qlby Vďaka za toto krásne ráno Si môj chrám mydly యుద్ధము యెహోవాదే Рәббім Иса
Song not available - connect to internet to try again?