Азгырылба учкундарга жылт-жулт эткен, Ал бир күнү жалп деп өчөт, эгер билсең. Адашпай, ак жолуңду уланта бер, Максатыңа, максатыңа жетесиң, ишен. Үмүт үзбө, келечегиң бар, Сени күтөт асмандагы шаар. Бүтөт баары мезгил келгенде, Артта калат азап-кайгылар. Таш тилип таманыңды жаралантса, Тикенек жараңды ырбатса да, Суранам, бир тууганым, сен ыйлаба, Кайраттангын, Андан күч сура. Калбачы сен жарым жолдо, Кайгы тартып эч ойлонбо. Кол сунат көктөн Теңириң, Кайраттангын, досум, бошобо. Ар бир таш, ар бир тикен жолуңдагы, Алып барат ал асманга. Ар бир оору, ар бир көз жаш, ар бир кайгы, Жакындатат сени Кудайга. Биздин жол тикенектүү, тар, Ыйса айткан ошол жолдо бар. Жеткирет сени асманга, Сени сүйгөн Теңириң бар. Үмүт үзбө, келечегиң бар, Сени күтөт асмандагы шаар. Жеткирет сени асманга, Сени сүйгөн Теңириң бар.Как часто мы себя прощаем Калбимден Гелен Шаркъмъ Динле Moje srdce Ti spieva Vyvolení k službe Jeńis bergen Isaǵa madaq aıtyp tabynamyn tsbyḥ llrb - ṭryq ạlḥyạẗ wṣlẗ trạnym mrymyẗ tfk ạlạ̉sr wtsẖfy̱ ạlnfs Peste-ntreg pamant إللى بيقدر يغفر هو
Song not available - connect to internet to try again?