Асман тиреп тоолору кыргызымдын, Толкундары шарпылдап Ысык-Көлдүн. Ала-Тоону аралайт ак булуттар, Асманында канат жаят турналар. Кыргызымдын Ала-Тоосун, Кыргызымдын Ысык-Көлүн, Кыргызымдын кооз жерлерин Биздин Теңир жараткан. Куткаруучу Ыйса келди элиме, Бейишке Ал жол салды, бүт келгиле. Колун сунуп Ыйса Теңир чакырат, Кайгы тартып азап чеккен элимди. Кыргызыма кайгы тарткан, Кыргызыма тынчтык күткөн, Кыргызыма Ыйса Теңир Улуу тынчтык тартуулайт. Жаратуучубуз бизге өмүр берди, Эми мына жергебизге Ал келди. Уктап жаткан кыргызымды ойготуп, Аны сүйгөн, тайманбас жүрөк берди. Кыргызыма азап тарткан, Өлүм жолунда бараткан, Кыргызыма Ыйса Теңир Таза жүрөк тартуулайт.sẖkl fynạ Sei la mia forza İSA, QİSMƏTİMSƏN HƏYATIMDA Ajaib Namanya wạḥd ạtẖnyn tlạtẗ Å, hvor jeg elsker Jesus Knieža mieru zvíťazí EC-NS Isus čuva me (He Will Hold Me Fast) Серебряный звон Թող Հոգուդ Քամին Փչի
Song not available - connect to internet to try again?