Сен менин тирүү суум, мүрөгүмсүң, Сен менин баш калкалар түнөгүмсүң. Сен өмүр берген үчүн, мен бармын да, Сен менин согуп турган жүрөгүмсүң. Сен менин даңктап айтаар күбөлүгүм, Сен менин камсыз кылдың түбөлүгүм. Сен жөнүндө сүйүнчү айтам өмүр бою, Сен гана даңазалап жүрөөрүмсүң. Сен менин Падышалык асманымсың, Сен менин үмүт толгон ак таңымсың. Сен мени дайым актап, коргоп турган, Сен менин айтып бүтпөс дастанымсың. Сен менин бийиктигим, тереңимсиң, Сен менин зарылдыгым, керегимсиң. Сен мени кунум төлөп сатып алган, Сан, салмак чак келбеген Белегимсиң. Күнөөлөрдү кечирип, жууп турган, Түбөлүктү белекке сунуп турган. Теңдешсиз, кереметтүү, касиеттүү, Түбөлүк таазим Сага, Теңир Ыйсам.Худовандо, нигоҳам кун! و يسا سەن كەرەمەت ۇلىسىڭ Аклънда бен вардъм 예수의 이름으로 مِنده تَزه یورِک یارات АФФЕТ АФФЕТ АЛЛАХЪМ Toujours dispo ạlsmạʾ tḥdtẖ bmjd ạlạlh Buyuk va kuchli Rabbimiz Jesosy no asandratro
Song not available - connect to internet to try again?