Бүт үмүтүм Машаякта, Ал жарыгым, күчүм, ырым; Пайдубалым, таянычым, Козголбогон ысык-суукта. Ырайымы чексиз Анын, Жан жубатып, тынчтык берген! Сооротуучум, ырыс-кенчим, Сүйүүсүндө сактап келген. Адам кейпин кийип, жерге Кудай Өзү бизге келди! Өзүн четке каккан элге Белек кылып, сүйүү берди. Айкаш жыгачка кадалып, Кудай каары түшттү Ага. Бүт күнөөнү Өзү алып, Өлүп, өмүр берди мага. Сөөгү жерге берилгенде, Караңгылык каптап калды. Бирок кайра тирилгенде, Жаркырап, өмүр таң атты! Жеңиш тутуп, Ал турганда, Жок кылды күнөө каргышын. Ыйса - менде, өзүм - Анда. Өтөлгөсү - каны Анын. Коркпой калдым мен өлүмдөн, Ыйса келгенде жаныма. Анын жердик өмүрүнөн үмүт келди тагдырыма Тозок оту, адам колу Андан мени ажыратпайт Түз жетелейт Анын жолу, Ак сүйүүсү мени сактайт. Машаякка үмүт арттым, Ал жарыгым, күчүм, ырым; Бороон соксо, күн күйгүзсө, Пайдубалым, таянычым. Жан жубаткан бийик сүйүү, Тынчтык берет Анын деми. Сооротуучум, кам көрүүчүм, Мээриминде сактайт мени.Фақат Шуни ТОЙ ЖИВЕЕ ДНЕС رأيتك يومًا يا مقدسة قومي Ich lieb dich Herr keiner ist wie du А я смотрю в небо nǐ kàn dào zāi nán yuè lái yuè duō Danos Un Bello Hogar هيا لنفرح ạ̉jhl mạ swf yạ̉ty
Song not available - connect to internet to try again?