Булут үстүндө түбөлүк, жаңы Жашоо бар жерде Үйүм менин. Бир тууган, достор, баарыбыз бирге Даңктайлы атын биз Теңирдин. Асманда үйүм, умтулам сага, Ал жакта дайым жашоо үчүн. Арнаймын бардык даңктоону Ага, Ал үчүн иштейм, жумшап күчүм. Тыныгуу эңсеп, жээкке умтулган Алсыз кемедей деңиздеги, Умтулам мен да ал ыйык жайга, Бейкуттук күтөт жеткендерди. Ал жакта кайгы, көз жаш да болбойт, Дайыма даңктоо ыр ырдайбыз. Ажыроо, оору, унутуп баарын, Бейиш төрүндө биз жашайбыз.Аллагьдихьан ккунивал เครื่องบูชาบริสุทธิ์ Spürst du wie die Berge beben ХРИСТОСКА БҮЗҮРЕЛ Кимседен Коркмам Gozo la Santa Palabra leer Praise جزء 3 Never grow old Дочь Сиона
Song not available - connect to internet to try again?