Бүт ааламдын жаратканы Өзүң болуп, Тирүүлүгүң ар бир жанга билдиресиң. Асмандан жердегиге кубат берип, Сен Өзүң табышмактуу бекинесиң. Оо, Теңир, бул ааламдын Падышасы, Оо, Теңир, бул ааламдын боорукери, Чөгөлөп, мен алдыңда таазим кылам, Оо, Теңир, өмүрүмдүн берекеси. Кечир мени күнөөлөрдөн арылайын, Ыйса Теңир бир Өзүңө табынайын. Сүйүнүчтөн, өкүнүчтөн көздүн жашы Куюлат Куткаруучум кагылайын. Өзүң бол мендеги чын ишенимим, Түбөлүк жүрөгүмдө жаша менин. Жараткан, көргөз эми чындык жолун, Сени ээрчип, Сага келсин сүйгөн элим.ạ̉gẖly̱ mn ạllậlỷ Где Ты? Бой часов настойчиво и властно Christ The Lord Is Risen Today عيد الدني O pójdź na Golgotę Есүсийн хайраар та бүхнийг الدني كلا خطوط 你是灯光 Isten báránya
Song not available - connect to internet to try again?