Голгофада кадалууга Ыйса баратат, Шылдың болуп, каргышты Ал Өзүнө алат. Ыйса баскан тикенектүү, каргашалуу кан жолду. Ал мен үчүн, сен үчүн да Курмандык Козу болду. Голгофада кыйналууга Ыйса баратат, Таяк жеген денесинен ыйык кан агат. Айкаш жыгач оордугунан күчү кетип жыгылды, Биз үчүн азап чөйчөгүн унчукпай кабыл алды. Карагыла, Голгофада кагылды Козу, Күнөөкөр үчүн тешилди Анын колдору. Күнөөм үчүн өкүнүп мен, келем Анын алдына, Ыйса менен элдешип мен, болом дайым жанында. О күнөөкөр, сен керилген Ыйсаны кара, Койнун ачат адамзаттын жан Досу сага. Тизең бүгүп, күнөөңдү айт Куткаруучу алдында, Голгофадагы кечирим ачат жолду асманга.My Faith Looks Up To Thee మధురమైనది నా యేసు ప్రేమ trạk 21 Бог к Тебе иду чтобы сердце обновить Idź pod krzyż z ciężary swymi Das Höchste meines Lebens Herr Wwjd (Al posto mio) Ježiši, drahý poklad môj Господу миром помолимся Saǵan meniń alǵısım kóp, o, Iysa!
Song not available - connect to internet to try again?