Добулдуу дүйнөдөн өтүп, Тынчтык ыры угулат, Кыйналган адамдар келип, Жанына тынчтык табат. Эч нерседен жалтанбаган Баатыр жүрөк Ал берет, Жан дүйнөңө кубанычтуу Кудайдан жарык келет. Туткунунда күнөөнүн Жүргөндөргө барайын, Куткарылсын алар деп, Жакшы Кабар айтайын. Жүрөгүмдү тазалачы, Кайрылбайын артыма, Жеңип тозок, өлүмдү да, Кызмат кылам даңкыңа. Сүйүү толгон жүрөк берчи, Токтолбостон барайын, Бул турмуштан жапа чегип Жүргөндөрдү табайын. Жүрөгүм да эч күнөөсүз, Таза канга жуулсун, Жеңиш алган жүрөгүмө Сенин үйүң курулсун.Я хочу петь Дивный город святой там за гранью небес Özledim Seni Han frelste meg Хаятларъмъзъ Сана Теслим Едериз Я прихожу к Тебе Иисус lylẗ mylạdk fy qlby ạbthạj Tanrı'nın Sözü PUEDO ESCUCHAR AL EJERCITO DE DIOS
Song not available - connect to internet to try again?