Дүйнөнү сүйгөндүктөн, жараткан Теңир Күнөөкөр бул дүйнөгө Уулун берген, Төгүлгөн каны менен куткарып бизди, Түбөлүк өмүр бизге белек берген. Дүйнөнүн күнөөлөрүн Өзүңө алып, Ал сенин күнөөң үчүн курман болгон. Бүгүн да сени күтөт кучагын жайып, Өмүрдөн куру калба сүйүү толгон, сүйүү толгон. Күнөөнүн туткунунда биз жашап келдик, Азгырык, күнөөлөргө жетеленип. Колубуз менен кылган жамандык үчүн, Айыпсыз Ыйса колу жазаланган. Ал сенин жүрөгүңдү черткилегенде, Канча ирет «таштайм» дедиң күнөөлөрдү. Кумардуу күнөөлөрдү эстегенде, Кеттиң сен күнөө толгон чексиз чөлгө.Chval Ho, ó, duše má Noi alzeremo mani sante Roʻhimiz boʻshashmasin dustlar syb ạlmsẖgẖwlyẗ A Su Nombre Gloria Alza le mani Venne un uomo sulla terra Nu-i prieten lui Isus asemenea Či Ježiš dbá На белом
Song not available - connect to internet to try again?