Жакындап бул дүйнөнүн бүтөр күнү, Анжырдын бажырая жайнайт гүлү. Бирөөлөрдүн жүрөктөрүн титиретсе, А бизди кубандырат анын бүрү. Теңирдин «келем» деген сөзү анык, Бакыттын толугу ал күндөй жарык. Ушунча самай берем ошол күндү, Келишин периштелер сурнай тартып. «Согуштар болот» деген, болуп жатат. Бир элге каршы бир эл согуш ачат. Оорулар, жер титирөө, көп кайгылар, Куугунтук, каршылыктар жанга батат. Ыйса айткан бир дагы сөз өтүп кетпейт, Ишенбестин чын өмүргө колу жетпейт. Эгерде ишенимден башың тартсаң, Жүрөгүңдү Ыйык Рух кайра чертпейт. Даяр бол, акыркы саат жакын калды, Иши менен акталар адам барбы? Жок андай, бирөө да жок арабызда, А Ыйса каны менен жолду салды.Менің жүрегім қазір қуанышты Apro i miei occhi Resplandece برضاك يا خالقي وسط العالم والضغوط Zgodnie, bracia Ce mare Esti Seigneur, dirige et sanctifie قال لي الشيطان خطاياك Egyedül csak Te vagy
Song not available - connect to internet to try again?