Жанымдын сактоочусу Ыйса, Мени жолго калтырба. Алчы мени кучагыңа, Эгер толкун каптаса. Сага гана ишенемин, Берилем жалгыз Сага. Түбөлүккө мен Сендикмин, Жанымда бол дайыма. Чексиздигин ырайымдын Жалгыз Сенден таба алам. Сага гана умтуламын, Кабыл ал, Сага барам. Мен эми Өзүңдөн башка Жай таба албайм жашынар. Мендей алсызды таштаба, Түйшүктөн Өзүң куткар. Бурганактуу бул турмуштан Асманыма барайын. Мекениме чалкып жаткан Мен барып эс алайын. Сен өмүрдүн булагысың, Кандырасың суусунду. Тирүү суунун агымдарын Жүрөгүмө толтурчу.يسوع فيك لذتي افرحوا يا مؤمنين - ديسمبر 1994 İsmin Ne Yüce O, mai rabdă porumbiţo 하나님 어린 양 بىزنىڭ خۇدا Keď som slabý Durmuşym Isaň elinde Sorridendo lacrime He, sahanao, Mpamonjy o!
Song not available - connect to internet to try again?