Жашап өткүн из калгыдай артыңда, Эч унутулбастан көптөгөн жылдарга. Эсинде калсын жолуккан адамдын, Сенин күлкүң, сенин көзүң да. Жашап өткүн, баары билгидей болсун, Түйшүктөн канча алыс экениң. Өткөрбөгүн курулай сен жашооңду, Асманды самап жашагының сен. Жашооң бүтүп, түбөлүккө аттансаң, Билсин артыңда калган жакының, Бул дүйнөдөгү тапкан байлыгыңа, Жүрөгүң сенин байланбаганын. Жашап өткүн, адамдар сен жөнүндө Кыйбас досум эле деп айткыдай. Түбөлүккө коштошоор мезгил келсе, Эч бир жүрөктө так калбагыдай. Сен ачканда асмандан көздөрүңдү, Көргөнүңдө мурда кеткендерди. Кубанасың, ошондо түшүнөсүң, Керектигин ыйыктык жердеги. Жашап өткүн, баары билгидей болсун, Түйшүктөн канча алыс экениң. Өткөрбөгүн курулай сен жашооңду, Асманды самап жашагының сен.Nulla qui in terra Has aumentado ¡oh Dios! tus maravillas sr ạltjsd - lyh yạ rb ạkẖtrt ạlmdẖwd Мин телим аңларга Non temere io sono con te Suongmantam Khawpi ما أعجب النعمة నా మట్టుకైతే బ్రతుకుట క్రీస్తే За что? البسوا المسيح
Song not available - connect to internet to try again?