Жашоодо басып булганыч жолду, Жүрөккө канча күнөөлөр толду. Күнөөнүн чеги тозокко түртөт, Туткундап алып шайтандын тору. Кайгырба, досум, бир сырын ачам, Теңирим сени куткарган качан. Бир гана сенден өтүнөр нерсе, Ишенип Ага, Аны ээрчип бассаң. Тээ бир заманда жогорку жаза Болгон экен тирүүлөй керүү. Мындай жазаны зөөкүргө берип, Кутулчу экен жамандан эли. Бир жолу бул эл калгансып айнып, Шумдуктуу чечим чыгарат шашып. Тарыхта мындай болбогон мурда, Жаза буйрушат күнөөсүз жанга. Айкашкан жыгач жонуна артып, Салаалап ылдый мончок тер агып, Тиштенип Ыйса кайратын жыят, Душманы күлөт бул кылык жагып. Азапты далай тартса да чыдап, Күнөөсүз Ыйса каарданган эмес. «Жараткан, Ата, күч бер», - деп сурап, Сыйынган Ыйса, заар чачкан эмес. Голгофа мына, маңдайда турат, Адатта, бул жер баш сөөккө толгон. Нечендер өлүп, жандары кетип, Денеси эбак чирип да болгон. Мынакей, желдет Ыйсаны керди, Эки мык келип кагылды колго. Акылга сыйбайт, чыдады Ыйса, Күнөөсүз Аны кылышса олжо! «Кечир», - деп, анан Ыйса жан берди, Түшүнбөйм, неге «өч ал» дебеди? «Каарыңды көргөз буларга» десе, Жарашар эле биздей пендеге! «Кечир буларды», кечирилдик биз, Ал өлдү алып күнөөнү бизден. Үч күндөн кийин тирилген Ыйса, Мына, азыр да дайым биз менен!Tahtını B'raktın, Tacını Hem De Sois glorifié PATHIAN NIH AN ZOH LAI A toi, Seigneur qbl ạ̹ydynạ tmd ạ̹ydyk God has chosen us from all peoples yạ gẖrbẗ wly yạ mn bḥḍwrh سەنى مەنەن بولسوم دەيم Vivrò per te
Song not available - connect to internet to try again?