Жашыл (бир) шибер, таза аба, Жайың (бир), кышың керемет. Жайлооңдун жыты аңкыган, Жергеме дагы не керек? // Өмүрүң өтөр анда да, Түйшүккө батып, термелеп. // Алыска кетти атагың, Арманың беле дегдеген? А бирок жүрөк кагышы Черткенсийт муңдуу термеден. Мансаптан таппай майнапты, Далайлар барат шор менен. Бакса да ата баласын, Бакпады бала атасын. Жан кыйып далай өспүрүм, Жашоодон алды жазасын. Кыргызым, билбей, түз жол деп, Адашып, кайда барасың? Замандын мындай абалы Жаңылык эмес, кыргызым. Ыйсага келип, чөгөлөп, Өтүнүп тобо кылгының. Түбөлүк өмүр Ал берет, Кечирим сура, кыргызым. Жаныңа тынчтык Ал берет, Ыйсага келгин, кыргызым. (Кечирим сура, кыргызым).Не опоздай сын блудный в дом твой родной приди Chante, chante Timpul se scurge fără-ncetare Kaldırırım Ellerim' Sana తేనెకన్న తీయనైనది ạlrb rạʿy whw kfạyty Tangrimizga shukur ياللا تعالوا اسمعوا BREAK THOU THE BREAD OF LIFE Sensan Abadiy Xudovand
Song not available - connect to internet to try again?