Жаңылансын биздин акыл-оюбуз, Аралашпай бул дүйнөгө жолубуз. Теңир берген мыйзамдарды аткарып, Ыйык жашап, ак баталуу болуңуз. Жаңыланып, эски адатты таштайлы, Ыйса менен жаңы жашоо баштайлы. Жарык болуп курчап турган элдерге Жакшы Кабар айтуудан эч талбайлы. Жаңылансын, көз караштар тазарсын, Теңир жалгап, жакшы ойлор жаралсын. Кылган иштер сүйүү менен коштолуп, Бизди көрүп Теңирибиз кубансын. Жаңылансын, жаңы жүрөк жаралсын, Ыйыктасын, Теңир берсин батасын. Курал болуп Кудайымдын ишине Жашообузда Теңир Өзү даңкталсын.Qutqarılıw qosıǵı bạjy bḍʿfy 세상 모든 민족이 จงหยั่งลึกลึกลงถึงแก่น لأنه هكذا All Creatures of Our God and King Xilasımız İsa, pənahımız İsa Jöjj el, jöjj el Hengen sateen siunauksen 102.Мезмур
Song not available - connect to internet to try again?