Желге ыргалып шак-бутагы сеңселет, Бак ичинде жалгыз дарак термелет. Багбан көрдү текке кеткен эмгегин, Күткөн күздө дарак жемиш бербеди. Ыйлайт дарак: «Кыйба», - деп, «кыйбачы», «Күтө тур, дагы бир аз», - деп, «жалбарат». Багбан сага кам көрсө да жыл сайын, Неге, дарак, жемиш бербей турасың? Сулуулгуң сенин - жалгыз жалбырак, Багбан аны карап, күндө кайгырат. Багбан ойлойт: эмне кылсам даракты? Кандай көркөм, сулуулугун карачы! Мүмкүн, жемиш берет чыгар, күтөйүн. Аттиң, бирок жылдар өтүп баратты. Биз да дайым дарак сымал ыйлайбыз, «Кыйба, Теңир, күтө тур», - деп сурайбыз. Бирок билгин, аз күн калды, өтө аз. Жемиш бербей жашай берсек, кулайбыз.Mungu ni Pendo ها صلاتي అబ్రహాము దేవుడవు Ürəyimdən alqış tʿạla yạ rwḥ ạllh Я слагаю болезни ạ̉dnw ạ̹lyk ạ̉rtạḥ Bepoyondir sevging sẖkraⁿạ llh ạldẖy yqwdnạ Remplis-moi
Song not available - connect to internet to try again?