Жердеги жашоомду Теңирим түшүнүп, Жардамга Ал асмандан келди. Жерде жок жашоону Ал мага үйрөтүп, Асмандын сырын ачып берди. Жакындап келгенде, жаным да мемиреп, Суктанып, тынчтыгына бөлөндү. Укмуштай мээрими жүрөгүмдү ээлеп, Салкыны сергитти жүрөгүмдү. Мен үчүн түшүп келип бийик асмандан, Ал менин жанымда баратат. Жердеги сапардан чарчасам, кыйналсам, Сооротуп, Ал мага кайрылат: «Мен дагы, берекем, сендей азап чеккем, Көтөрүп Өз айкаш жыгачымды. Мен да алдан тайгам, тумандап көздөрүм, Мен дагы төккөмүн көз жашымды. Мен сени калтырбайм, берекем, куткарам, Кан төгүп, сатып алгам сени Мен. Ажайып дүйнөгө Мен сени алпарам, Нурга толгон асман мекениме. Сааттар, күндөр өтүп, Мен сени өзгөртүп, Жердик эмес, асмандык болосуң. Менден алыстаткан күнөөдөн бөлүнүп, Ыйык жарыгыма сен толосуң».rạjʿ lyk qlby ʿṭsẖạn Seht auf zu Gott Jest jedno imię Қолдирмайман Сени унутмайман క్షణమైన నీవు నను విడచి పోలేదుగా 亲爱的弟兄和姐妹 Прекрасний Ти ٴتاڭىردى ماداقتايىق ويۇمدا جاقشى جاشاپ Шюкюр сана Раб Иса
Song not available - connect to internet to try again?