Жетеленип куру кыял үмүткө, Жүргөнүмдө күнөөлөргө жалданып. Жол көрсөттү кереметтүү Кудайым, Турганымда чындык билбей сандалып. Баскан элем жийиркеничтүү жолдорду, Аны эстесем канайт менин жүрөгүм. Айткан элем «Кудай жок» - деп тартынбай, Ал көрсөттү сүйүү жаткан түнөгүн. Баспайм эми жарык болду жүрөгүм, Теңир Өзүң жетектериң билемин. Максатым бар, маңызы бар жашоомдун, Теңир Өзүң билем эми сүйөрүң. Даңктал Теңир ар бир баскан жолумда, Сенин Сөзүң болсун дайым колумда. Кызматым да болсун Сага жагымдуу, Даңктал Теңир жүрөгүмдө, оюмда.Tapınırım Layıksın Jolie Marie Пробуди любовь يا سيدى الغالي Их Эзэн Есүс минь بار حالىقتى قۇداي سۇيەدى เกลือและแสงสว่าง Degno è l'Agnel Oh no deseches otra vez Брат верь Верь без смущенья
Song not available - connect to internet to try again?