Жүрөгүмө тынчтык берген, Сенин сүйүүң кандай кенен. Жүрөгүм кыйналып турса дагы, Аталык сүйүүңдү сезип келем. Тынчтык берген Теңирим Сен, Мол ырайымың төгүп келген. Мен Сенден алыс болсом дагы, Издеп таптың жер бетинен. Сыйынып Сага мен табынамын, Адашпай түз жолду табамын. Кыйынчылык ылдый тартса дагы, Колумду Сага мен сунамын. Берилген убадаңа ишенем: «Сени менен болом» деген. Үмүтүм үзүлүп турса дагы, Жол көрсөттүң Ыйык Сөзүң менен. Окуймун сөзүңдү чаңкоо менен, Сеземин сүйүүңдү мага берген. Канчалык күнөөкөр болсом дагы, Мээримиң мен үчүн терең экен.Хиляди причини yạrb mạ ạ̉ḥly̱ Dünyamızı Rab Yarattı Vine o zi Vine Isus cine-I gata de plecare أنا جوه حضنك يا ربى يا مالك عمري ạ̉nt mʿy WHERE GOD AND THE ANGELS ARE ʿạlsmạ
Song not available - connect to internet to try again?