Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу, Теңирдин ырайымын билиш үчүн, Табына кактап мерез жүрөгүмдү, Мээриминин илебин сезиш үчүн. Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу, Кеч болуп кала электе көрүш үчүн, Эбегейсиз мээримин Эгедердин Сезе албай баратканын жүрөгүмдүн. Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу, Андагы тоңгон муздар эриш үчүн, Жакыным жапа чегип турганында, Жүрөгүнүн ооруганын сезиш үчүн. Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу, Бараткан багытымда оюн салып, Турмуштун түркүн түстүү сүрөөнүндө Акыры калбаш үчүн жайдакталып. Жүрөгүм ооруганы жакшы болду, Иштерим таразалап көргөнүмө, Оңун, солун иргеш үчүн жолдорумдун, Саамга убактымды бөлгөнүмө.Dieu règne Исо Сен ажойибсан Сени Беклеркен Глория ЧҮНҮҢ КҮЖҮ? พระเจ้าทรงเป็นผู้เลี้ยงที่รัก sẖạkrynk ạ̉yhạ ạlậb Худа, Сән мениң Атам Ты позволяешь Господь sbạny bḥbh
Song not available - connect to internet to try again?