Жүрөктөрү биригип жуп болушуп, Кудай берип батасын баш кошушуп. Каалоо-тилек айталы эки жашка, Аруу тутуп жашоосун, бак конушун. Жандай басып келатышат жаш жубайлар, Куп жарашып бир-бирине, жетелешип, Ата-энеси болушуп уул-кыздын, Ак тойлорун жүрүшсүн белгилешип. Кол кармашып түбөлүккө бирге жүрүп, Кудайынын эрки менен өмүр сүрүп, Жарык болуп айланага жашооң менен, Эсен жүрсүн балдарыңар ойноп-күлүп. Жаш жубайлар келе жатат катар басып, Чачыласын апалар шаңдуу чачып. Каалоо-тилек айталы эки жашка Кызматына Теңирдин тургун шашып.Тек Месих'те Юмидим Вар Pane můj, Tys můj spasitel yạ rb ạ̉nạ ʿndy ạymạn Когда проблемы настигают нас ḥlqh ḥlạwẗ ḥlạwẗ Bir Bebek Doğdu ده جماله بارع بارع Господь зовёт Отпущу свою боль Ялалтын дуу
Song not available - connect to internet to try again?