Ишенем Сага, Ыйса Теңирим, Сөзүң жаратты менде ишеним. Куткара албайт мени иштерим, Бирок ишсиз ишеним өлүк дегенсиң. // Мен Сага ишенем, мен Сага ишенем, Ар дайым тапсаң экен менден ишеним. // Жашоомо үмүт берген Өзүңсүң, Тутанган үмүт отум өчпөсүн. Ар убакта Өзүңө артам үмүтүм, Сен чала күйгөн биликти өчүрбөйсүң. Үмүт бердиң Өзүң, үмүт бердиң Өзүң. Сен жандырган үмүт отун өчүрбөйүн. Мага болгон сүйүүңө таңданам, Сүйүүң сезип, ар дайым кубанам. Дем берип турат өзгөрүлгүс сүйүүң, Жарала элегимде эле сүйгөнсүң. Сен мени сүйөсүң, Сен мени сүйөсүң, Мен дагы Сени сүйүп өмүр сүрөйүн.كامل الجمال Eivät omat työni Хушо ҳоли касоне ки ростроҳ ҳастанд KÖTÜLÜĞE YENİLME yạ yswʿ ạ̉nạ bạsmʿ klạmk Ja túžim viac На земле, на море и на небе БОГ ВСЕМОГЪЩ Začni všechno s Bohem svým تەڭىرىم، سەنىن مەەرىمىڭ
Song not available - connect to internet to try again?