Ишеним менен өз жерин таштап, Кудайдын сөзүн жүрөккө сактап, Ишенимдин атасы аталган Ошон үчүн Ыбрайым. Ишеним менен асманга карап, Улуу Кудайдан керемет сурап, Көп өтпөй Саара уул көрдү, Батасы ага төгүлдү. Ишеним менен Сага карайбыз, Ыйык сөзүңдү бекем сактайбыз, Ишеним менен баарын жеңебиз, Батаңды бер, улуу Теңир, Кайрылат Сага элиң. Ишеним менен пайгамбар Муса Элди чыгарды жаткан кулдукта. Керемети Кудайдын көрүндү, Суу ортосунан бөлүндү. Ишеними ач арстандан сактап, Даниел чыкты Теңирин даңктап. Ишенсек, биз дагы көрөбүз Кереметин Теңирдин. Ишеним менен кулады Улуу Жерихо шаары. Такка отурду Дөөт дагы Ишеними үчүн. Ишеним менен Сага карайбыз, Ыйык сөзүңдү бекем сактайбыз, Ишеним менен баарын жеңебиз, Батаңды бер, улуу Теңир, Кайрылат Сага элиң.Laudati puterea lui Isus Ty si môj Kráľ Se cuvine sa Te laud Domnul meu Kim xizmatga borishni xohlaydi Эзләгез Алла патшалыгын నా పేరే తెలియని ప్రజలు Зачем Господь и Царь вселенной الله الكلمة Diriliş,Yaşam benim Advent
Song not available - connect to internet to try again?