Жакшы ойлор келсин оюма, Жаман ойлор, турба жолума! Үшкүрүнбөй, беттеп максатты, Үмүтүмдү кармайм колума! Жагымсыздык, кеткен каталар, Эстегенден кетпейт оңолуп. Кечиримдер жүрөк толтурсун, Кекчилдиктер кетсин жоголуп. Азгырык ой, акыл черткилеп, Ашырсам дейт санаа-зарымды. Бирок, менде күчтүү Башат бар, Андан алам керек баарымды. Ал өчүрбөйт үмүт шамымды, Ал куткарган менин жанымды! Каар-заар кээде сүр кылып, Коёюн дейт, күнүм түн кылып. Кемсинүүлөр алыс кеткиле, Кудай коёт баарын гүл кылып. Күнүмдүктү ойлоп жашаган, Байкуштук бул - кандай аяныч. Текеберлер не деп айтса да, Теңирим бар - күчтүү Таяныч.Intet er umulig! Jésus, toi le reflet Chi mi separerà da te Meniń halqym tyńdashy sózimdi Czy Ty chcesz pójść za Nim Covenant Song سەن ھايات سەن К небесному престолу jdw dạwd Пусть поток живой воды в душе течет
Song not available - connect to internet to try again?