Кагылайын улуу Теңир, Кудайым, Бул убакта Сенин сөзүң угайын. // Бардык ыйык сөздөрүңө кунт коюп, Жүрөгүмдүн тереңинде сактайын. // Сени даңктап бул жараткан дүйнөңдө, Ар күн сайын мен жүрөйүн үйүңдө. // Бүт жүрөгүм кубанычка толтуруп, Жемиш берип турсам экен күнүгө. // Улуу Теңир, Өзүң келген убакта, Сезбей калып, мен калбайын бул жакта. // Ар убакта унутпастан сыйынып, Мен толоюн кубанычтуу Рухка. // Бул дүйнөнүн кысымына чыдабай, Капалантпай жүрсөм экен Сени мен, // Ар күн сайын Өзүң менен бир болуп, Кызмат кылып, таңшып ырдап талыкпай. //在主里 kạn ḥbk mạly fw̉ạdy Iso Masihim Atyń madaqtalsyn ár jerde! Nech Tvoja krv očistí ma قلبي مليان أفراح لن أعيش سيدي Jesucristo es fuerte Roca Сөййән Сени Dio ti sorprenderà
Song not available - connect to internet to try again?