Кайгы тартып кыйналганда, Жол таба албай адашканда, Бир Өзүңө келдим, Ата, Көрүнбөгөн болсоң да. Туңгуюкта калганымда, Күнөөлөргө батканымда, Бар экениң сездим, Ата, Көрүнбөгөн болсоң да. Көрүнбөгөн, көктөгү Атам, Бир Өзүңө сыйынамын мен Жүрөгүмдөн чыккан ушул ыр менен, Бүт ааламды жараткан Атам, Асманды да жараткан Атам, Көрүнбөгөн, көктөгү менин Атам. Жаным, рухум кыйналганда, Алсызданып кулаганда, Умтуламын Сага, Ата, Көрүнбөгөн болсоң да. Өзүң мени куткарганда, Жүрөгүмдү кубантканда, Башым ийдим Сага, Ата, Көрүнбөгөн болсоң да. Сен дүйнөгө келе электе, Ыйса сени тандап алган. Сен дүйнөнү биле электе, Сен үчүн азап тарткан. Сен Ал үчүн эң кымбатсың, Ал сен үчүн жанын кыйган. Сен үчүн аалам жаратып, Баарын сен үчүн кылган. Көрүнбөгөн, көктөгү Ата Батасын мол жаадырсын сага. Жетелесин сени өмүр жолуңда Бүт ааламды жараткан Ата, Адамзатты жараткан Ата, Көрүнбөгөн, көктөгү биздин Ата.А я найду слова tạrk ạlʿạlm klẗ wrạyạ నడిపిస్తాడు నాదేవుడు Żyj we mnie Oppoq qor atrofda, ketyapmiz chanada Алғыс Саған - Тәңир! Tu esti Domnul minunilor أب حنين وأنا وياه قلبي بينبض بالحياة واقف جنبى أطلب يدى يسوع ربى ما أحلاه Преклонение Diri Kurtarıcı'ya Kulluk Ediyorum
Song not available - connect to internet to try again?