Канча жолу жыгылдым, канча жолу жаңылдым, Бул дүйнөдө жалгыз мен, канча жолу тайыдым. Ар бир баскан кадамдын, азабын мен табамын. Бардык кылган иштеримдин, жемишин мен аламын. Бул жалган дүйнө, азабына күйбө. Бул дүйнөнү сүйбө, суранам. Бул арман дүйнө күйүтүнө күйбө, Жүрөгүңө түйбө, суранам. Канча жолу ыйладым, канча жолу кыйналдым, Жашоо үчүн күрөштө канча жолу багындым. Ар бир кылган иштерим(-ден), бармагым мен тиштедим Башка түшкөн көйгөйдөн чыгуу жолун издедим. Жыгылсам да турамын, бузулса да, курамын, Көңүлүмдү ар дайым жакшылыкка бурамын. Жамандыкка жеңилбейм, азгырыкка берилбейм, Жүрөгүмдү Жараткандын чындыгына бурамын.Spirito di Dio معنى كياني Ty si so mnou Мы рождены, чтобы любить.. Hay felicidad en tu corazón Біблія Чалгъыджылар тогъайда كم مرة Yüce rab'im mesih isa şükürler olsun adına sonsuzluktan sonsuza Mare eşti Doamne, mare-i puterea Ta
Song not available - connect to internet to try again?