Кереметтүү курчаган дүйнө, Таанытат мага Теңир Өзүңдү. Жалбырактар ыргалса желге, Кубанат да, шаттанат жүрөгүм. Асманды тиреген тоолоруң, Түрмөктөлгөн аппак толкундар да. Көктө жымыңдаган жылдыздар, Нурун төккөн күн баарын жылыткан. Кудайым, Жараттың баарын Сен! Чексиз кеменгер менин Теңирим! Керемет дүйнөнү көргөндө, Суктанам акылыңа мен Сенин! Кудайым, Жараттың баарын Сен! Чексиз кеменгер менин Теңирим! Керемет дүйнөнү көргөндө, Суктанам акылыңа мен Сенин! Бардыгынан көрөм колуңду, Чебер жасалган ар бир ишиңден, Жыпар чачкан талаа гүлүнөн, Наристенин таптаза жүзүнөн. Досторду да берген Сен Өзүң, Эмгекке үйрөткөн да Өзүңсүң, Ошондуктан каалайм дайыма, Мен чөгөлөп келүүнү алдыңа. Мен Сени даңктаймын, Кудайым, Арнаймын Өзүңө ырларымды. Шооласын жандырдың жолума, Түбөлүк өчпөгөн жарыгыңдын, Кереметтүү курчаган дүйнө, Сенин ыйыктыгыңды жар салат. Кудайым, Куткаруучум менин, Ушул ырым Өзүңө арналат.Júregimdi arnaımyn Saǵan ạ̉sẖfq yạrb 약한 나로 강하게 Сотни поколений склоняются в почтении Osanna 唱一首天上的歌 yuǎn fāng de fēng bǐ yuǎn fāng gèng yuǎn Göklere Çıksam Oradasın جمالك أبرع Научи меня, мой Господь, во всём
Song not available - connect to internet to try again?