Керемет жай күтөт асмандагы, Жок болот түйшүктүн бүт баары. Кубаныч, тынчтык бар мекениме, Умтулам жетүүгө мен дагы. Кереметтүү мекениме Ашыгат жүрөгүм жетүүгө. Кереметтүү мекенимде Жолугам Куткаруучум менен. Толкуган суулардын дабышындай Периштелер ыры жаңырат. Курмандык Козуга бүт ыйыктар Алелуя деп ыр арнашат. Керемет мекендин жарыгында, Көрөбүз биз даңкын Кудайдын. Түбөлүк Теңирдин кучагында Сүйүүгө, бакытка, чулганып.БЛАЖЕНО ДА Е ИМЕТО МУ 永生的路 В Рождественскую ночь غريب الديار Gyertek, áldjuk őt ھەقنى ئىستەگۈچىلەر «Мен абдан чарчадым». «Чыгуу жолу бар» Если твой дух утомится К Господу можно сегодня Hommes de ce pays
Song not available - connect to internet to try again?