Кечир мени, Теңир, сурайм кечирим, Кечир мени, Сага өтө кеч келдим. Кечир, мен чындыкты эрте билбедим, Башканы Теңир деп, күнөө кетирдим. Кечир, мен өзүмдү акылдуу сезип, Башыңа тикенек таажы кийгиздим. Кечир, күнөөлөрдү улам кетирип, Мен Сени айкашкан жыгачка кердим. Сен мени кечирип, өмүр ыйгардың, Жашоомду Өзүңдүн колуңа алдың. Чындыкты таанытып, көзүмдү ачтың, Күнөөнүн сазынан куткарып алдың. Сыйынып мен Сага, келем алдыңа, Ыйык колуң менен жетеле алга. Өмүрүм арнаймын, Теңирим, Сага, Күнөөнү жеңгенге жардам бер мага. Сүйлөгөн сөздөрүм, кылган иштерим, Даңктап турса экен Сени, Теңирим. Сенин жарыгыңды менден көргөндөр, Жарыкка тартылып, Сага келишсин.Небеса открыты навсегда Виждам моите деца сега Sabbia nel vento Zahrada Sejahtera Tuhan Hianao Jehovah Tompo! يا نبع أفراحي الغني Men baqattymyn, kóńildimin لو مهما كانت Ein neues Jahr hast Du für uns gemacht
Song not available - connect to internet to try again?