// Кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышалыгын көрө албайт. Кимде-ким Ыйык Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышалыгына кир(е) албайт. // Бир күнү, түн жамынып, Никедим келди: «Кудайдан келген Устат, Ыйса, - Сен», - деди. «Сен кылып жатканындай кереметтерди Кудайсыз эч бир адам кыл(а) албайт» - деди. «Карыган адам кайра кантип төрөлөт? Наристе болуп бешикке кантип бөлөнөт? Энесинин курсагына кайра кирип, Экинчи жолу кайра кантип төрөлөт?» «Жогорудан төрөлүү» - деп айтканыма, Эй, адам, оозуңду ачып таң калба. Айланаңда эч бир адамды караба, Шектендирген амалкөйгө эч алданба. Кудайдын Падышалыгын көрөм десең, Уулуна ишенгин, эч шектенбестен. Кудай Падышалыгына кирем десең, Жалгыз Уулун кабыл алгын кечикпестен».Qolyat cәngә çıxdı Как я хочу улететь в небеса ความยินดีล้น Exceeding Joy Everybody ought to know Айрълмайъз Раб Иса'м Joy to the world ạ̉ʿbdk Mejor es mi Cristo que el oro Я начинаю жить В моей душе стремленье было
Song not available - connect to internet to try again?