Ким баарын жараткан: деңиздер, көлдөрдү? Ким ачкан асмандын дарбазасын? Кооздогон гүлдөрдү, таң нурларын чачып, Тунук булактарды Ким жараткан? Теңирим, бир Өзүң! Даңктоомду кабыл ал, Жараттың Сен баарын, өмүр бердиң. Теңирим, бир Өзүң! Даңктоомду кабыл ал, Мен үчүн кам көргөн Теңиримсиң. Жашооңо дем берип, жолуңда Ким сактайт? Өлүмдөн куткарып, бошоткон Ким? Күн нурларын чачып, жамгырын жаадырып, Кайгыдан Ким коргойт тынчтандырып? Кубаныч тартуулап, сыйынууңду уккан, Көз жашыңды аарчып соороткон Ким? Мөңгүлүү зоолорду Ким чебер жараткан, Кам көрүп биз үчүн ак кар берген?لما أجتزت أنا فى الالآم Бир гюн бирине أشرق بمجدك على حياتنا Қувонч чекма қийматли 有一个地方名叫地极 Я дойду с Тобой Мюбарексин Счастье сердце мне переполнило О, да съм нищо! Jeesus, olet ylkäni
Song not available - connect to internet to try again?