Кудайым, Кудайым, Сенден эч нерсе жашыра албайм, Билесиң бүт кайгымдын баарын. Жүрөктү күнөө жаралаганын Билесиң бир Өзүң бардыгын. Билесиң, билесиң, алсыздыкта дайым жыгыламын, Бирок ыйык жашагым келет. Талыкпай артыңдан баргым келет, Бек кармап колуңдан, Атаке. Билемин, билемин, ыйык таза каныңа жуулганмын, Түбөлүккө куткарылгамын. Күнөөгө жыгылсам, суранамын, Кечирчи Сен мени, Кудайым. Айкашкан жыгачта Сен биз үчүн төктүң ыйык каның, Сени өлтүргөн жандар үчүн. Сыйындың сүйүү менен сураны Атаке, кечир, - деп, - аларды./17 Pokoj Boží, nech je s nami Хосанна Pecador Jesús te llama Meraviglioso è ạlmw̉mn ạlạ̉myn ḥạss bwjwdk fy̱ ḥyạty̱ Что же сделаешь ты Ježišu môj, v tom blaho je a slasť บ้านหลังนี้ hw ạlạ̹lh rb ạlkẖlyqẗ
Song not available - connect to internet to try again?