Кудай дүйнөнү жараткан сөзү менен, Көргөздү мээримин аткан таң менен. Үмүтүмдү үзбөй күтөм Сени, Жараткан, Өмүрүмдү өткөрсөм деймин Сени менен. Жан дүйнөмдөн орун алып, оо, Теңирим, Муздап калган жүрөгүмдү жылыттың. Көзүмө жаш толуп, каректен тамат, Сенин сүйүүңдү ким айтып бүтө алат? Булуттан бийик Сенин ырайымың, Деңизден да терең Сенин мээримиң. Кайгырбайм мен, Кудайым, Колдоочум, Сен менин өмүрүмдө түбөлүк жан досум. Асманыңды ачтың мен үчүн аябай, Батаңды бердиң мага, оо, Кудай. Кеч кирип күн батып, кайрадан таң атат, Аткан таң Сенин жарыгың жар салат. Жан дүйнөмдөн орун алып, оо, Теңирим, Муздап калган жүрөгүмдү жылыттың. Көңүлүм тынчтанып, көзүмдөн жаш тамат, Сенин сүйүүңдү ким айтып бүтө алат?EC-NS Podižem oči prema nebu (I Lift My Eyes Up) Gdy szedłem raz sam Čas mizne, letia hodiny Jestem jeszcze dziecię małe Láska svätá, počuj ma Rəbb İsam, tərk etmə məni rén shēng zài shì Por Siempre Излитие Святого Духа I know the master of the wind
Song not available - connect to internet to try again?