Кудай үнүнө кулак сал, кызматка Ал чакырат, Эгиндер бышты талаада, шашылгыла баарыңар. Чакырыкты кабыл алып, ким кызматка ашыгат? «Теңирим, мен барамын» деп, ким тайманбай айта алат? Ыйса жөнүндө укпаган, күнөө торго чалынган, Биздин да айланабызда жашайт канча адамдар. Ишенбестиктин айынан өлүп жатат көп жандар, Куткарууга аларды ашыгалы, бир туугандар. Мейли, сенде пайгамбарлык жөндөмдүүлүк болбосун, Өзгөчө күч, даанышмандык, мейли, сенде жок болсун. Эмнең болсо, ошону менен кызмат кыл Теңирге, Ишенимдүү болгун дайым, Теңир сени колдосун. Чоң иштерге Ал чакырат, калбагының сен четте, Даңктайлы жашообуз менен, бир туугандар, келгиле. Чын жүрөктөн кызмат кылгын Теңир чакырган жерде. «Мени жибер» деп айтышсын башкалар да Теңирге.كيف ترنم - الجزء الثالث Love Won't Let Me Down Ми - послідовники Христа Дженнеттеки Раббимиз Той направи всичко Çünkü Tanrı Dünyayı الرب صخرتي ร้องสรรเสริญพระเจ้าด้วยเพลงใหม่ yạ bkẖty̱ yạ knysty̱ ليه مش قادر
Song not available - connect to internet to try again?