Куштардын өз уясы бар, Түлкүлөрдүн ийни бар. Теңир Ыйса Машайактын Жайы жок баш калкалар. Жаркыраган сарайында, Жашамак Ал асманда. Жер үстүндө Машайакка Табылбады баш паана. Асмандагы ак сарайын Таштап келген Ал бизге. Айкаш жыгач азаптарын Тартыш үчүн бул жерде. Кызмат кылыш үчүн келди Ал ыпылас дүйнөгө. Күнөө сазга баткан бизди Ээ кылууга өмүргө. Сен үчүн да азап тарткан, Барса экен деп асманга. Ал эшигин кенен ачкан, Кирсе экен деп сени да. Сүйүү менен канча жолу Тыкылдатты үйүңдү. Кенебеген күнөө кулу, Тез ачсаңчы жүрөктү. Кайра-кайра тыкылдатып, Мусапырдай камыгып, Орун таппай жүрөгүңдөн, Ал кетпесин үйүңдөн. Сен үчүн Ал үйсүз болгон, Жаппасаңчы эшигиң. Жүрөгүңдөн күнөө толгон Тапсын Ыйса ээлигин.Ó poďme a chváľme Wierzyć mnie, Panie, ucz lljạls ʿly̱ ạlʿrsẖ w llḥml يسوع نشكرك Bones zhǔ de zhōng shēng Hledám Tvoji tvář Pane můj Ялнъзджа Сен أنا أصلًا من ذرية آدم lw knt mn byn ạljmwʿ
Song not available - connect to internet to try again?