Кызмат кылам түбөлүк Теңирге тирилген, Сүйүүсүн белек кылып, мага өмүр берген. Мээримдүү жүзүн көрүп, угам назик үнүн, Караңгыда калтырбай, нурун төккөн. Тирүү, тирүү! Түбөлүккө өлбөс! Жакын келип, тынчтык берип, алдыга жетелейт. Тирүү, тирүү! Куткарылуу берди! Бүт ай-аалам билсин эми, күнөөнү Ал жеңди! Бүт айлана Теңирдин мээримин чагылтат, Башыма кайгы түшсө, мен Ага ашыгам. Бороон-чапкындан сактап, жетелейт асманга, Эч күнөө жок бейишке жеткирет Ал. Кубангыла баарыңар шаттанып, жар салып, Теңирдин алдына биз барарыбыз анык. Кайгы күндө үмүтүң өчпөсүн, талбагын, Өмүр берген Теңирим бил сактаарын.Hianao ry Jeso o Dieci Gente di valore هيا افرحوا Тоской объятые с ароматами أحلى ما في حياتي KEI CA JESUH A SI Nous sommes au Seigneur لتكن أَقوال فمي Dobrý je náš Pán
Song not available - connect to internet to try again?