Күндүн нуру гүлдөрдү сүйүп ойготсо, Мээриминен күндүн дүйнө ойгонот. Биз эч ким эмеспиз бизди сүйгөнчө, Биз эч ким эмеспиз биз сүймөйүнчө. Эгер аары гүлдөрдү чаңдаштырбаса, Бал челектин бардыгы бош калмак анда. Эгер эне баласын колуна албаса, Бул дүйнөдө сулуулук болмок эмес да. Өзүңдү жалгыз жана жетим сезесиң, Сүйүү өз түнөгүн таппаган жерде. Бактылуу боло албайт адам эч качан Жүрөгүндө сүйүүгө орун бербесе. Сүйүүсүз мекен да чоочун көрүнүп, Жашоонун мөөнөтү кыска сезилбес. Көзүнө жаш алып, узатуу болбой, Сүйүү жөнүндө ырлар жазылмак эмес. Баары сезет сүйүүгө муктаж экенин, Сүйүүсүз өмүр сүрүү өлүмгө теңин. Бирок дайым жаркырап жарыгын чачкан, Биз билебиз Кудайдын сүйүү экенин.Thank God I am free Воскликни Богу вся земля! ạ̹n kạnt ẓrwfy Parea un vis și o tainică răpire This is my destiny Кайгамчык Сен, Иисус, кайгамчык Ce minunat salvator este Isus tuturor rnmwạ llạ̹lh За всё, что сделал для меня Ты Pan blisko jest
Song not available - connect to internet to try again?