Көктөгү тийип турган күнүм - Сенсиң, Көкөлөткөн жүрөгүмдө гүлүм - Сенсиң. Купулума толтуруп айланамды, Кулпуртуп жашылданткан Теңир - Сенсиң . Жалгыз Сенсиң, Теңирим, Ыйса, жалгыз Сенсиң! Түн жамынган караңгыда айым - Сенсиң, Түнөк кылып тынчтанган жайым - Сенсиң. Түпөйүл болуп турган жүрөгүмдү, Түк калтырбай, жарык кылган Кудай - Сенсиң. Жалгыз Сенсиң, Теңирим, Ыйса, жалгыз Сенсиң! Жалгыздыкта жаркыраган жарым - Сенсиң, Жамандыкта кайрат берген күчүм - Сенсиң. Жалган дүйнө аңтарылып калса дагы, Жамына алган үстүмдөгү жабуум - Сенсиң. Жалгыз Сенсиң, Теңирим, Ыйса, жалгыз Сенсиң!Желая Те O, wstań już! Twa senność niech zniknie КЕЛСИН Es amor lo que Cristo a mí me da mkẖlṣy bạlnʿmẗ whbtny ạlyqyn Todos necesitan amor que nunca من ذا الذي قال Желанно Иса Месих'и ЬОведжеим! Con Jesús camino cada día
Song not available - connect to internet to try again?