Мен - жүзүмдүн сабагымын, Атам болсо - Жүзүмчү. Мен өзүңө өмүр берем, алсыз бутак, сүйүнчү. Мен - сабакмын өмүр берчү, сен - бутаксың кичине. Сүйүп сени, коргош үчүн, // салып алам ичиме. // Сыртта калган бутактарды Атам отко ыргытат. Арбын жемиш алып келет Өзүмдөгү ар бутак. Сөз - силердин ичиңерде, силер - Менин ичимде. Атабыздын даңкы үчүн, // бай болобуз түшүмгө. // Алсыз бутак, жетилесиң, кулак салсаң сөзүмө. Максатыңа жеткиремин, окшоштурам Өзүмө. Менде болсоң, сүйүп, Атам, Өзү сени тазалайт. Түбөлүктүү, ашып-ташкан, // өмүр берип баталайт. //ความสุขวันคริสตมาส Мұхиттар เรายินดีแสนยินดี Rao Yin Dee Saen Yin Dee โฮซันนาจอมราชา ʿjz lsạny ʿn ạltʿbyr İsa geliyor! Sen hazır mısın? شەگە سەنىڭ دەنەڭە قادالعاندا 你为何要跟主走 Svitanie BAWIPA NA THLUACHUAHNAK
Song not available - connect to internet to try again?