Ошол түнү Ыйса келген дүйнөгө, Түн жамынып, дүйнө уктап жатканда. Бул дүйнөгө сүйүнчүлөп келишкен, // Адам эмес периштелер асманда. // Ошол түнү келген улуу Падыша, Адилеттик жеңишине төрөлгөн. Периштелер зор кубаныч жар салып, Жарлыгынан асман шаңга бөлөнгөн. Ук, бүт аалам бүгүн дагы жар салам, Ошол түнү Куткаруучу келгенин. Улуу Кудай сүйгөн пенделерине Бүт күнөөнү Жеңүүчүнү бергенин. Ыйса Теңир келген ушул күн менен, Бүт ааламдын жаралышы теңме-тең. Анын ысмын кылым бою өчпөгөн, Бүгүн дагы даңктагыла биз менен. Дагы сансыз күндөр өтсүн, жыл өтсүн, Ал түбөлүк! Түбөлүккө даңкталат! Дагы жаңы жүрөктөрдө төрөлсүн, Түбөлүктүү асманына алып барат.Eden Thak من لى سواك يحميني Слушай, земля Yesu Mu Ne Naka, Kai Ka Saye Mu tsạmy̱ yạ yswʿ by Çiçək açır, gəlir bahar, bu gözəllik Səndən bu gün Bly volhard soos atlete N Ты валадарыш Make Room Славною рекою льется Божий мир
Song not available - connect to internet to try again?