Падышам, кул кейпинде төрөлдүң Сен, Сүйүүнү аярлаган, баалуу кылган. // Чырмалган жолдорумда таштабадың, Жөлөгүм, теңдеши жок асыл Мырзам. // Акылым, сезим, сүйүү айкалышкан, Ажайып гүл бакча бар жүрөктөрдө. // Арала, ыйык бутуң басып өтсүн, Ээлеп ал, «Меники», - деп, издериң сал. // Кооздоого жан дүйнөнү бел байлаган, Керемет, анык уста, чеберимсиң. // Өзүңдө бүт кооздуктар жашырылган, Сырдуумсуң, баалуу кубат берээримсиң. // Жаркырайт көк асманда Теңир шары, Шаарында Теңиримдин болбойт кайгы. // Кийинген аппак кийим уул-кыздарың, Арнашат даңктоо ырын тегиз баары. //Yaşadığım Sürece Rab'bi Yücelteceğim! O, de-aş avea eu limbi o mie Inanıram Sənə İsa Любимым людям Twe czoło smutki mroczą Ты все переменил Раб Шаха Калксън Consume Me Le Maître est là qui t'appelle Güven Rab'bine
Song not available - connect to internet to try again?