Пенуэлден күн чыккандай Жакыпка, Голготадан мага күн чыкты, Турганымда мен Теңирдин алдында, «Аткарылды» - деген үн чыкты, «Аткарылды» - деген үн чыкты. Аткарылды! - айыктым мен оорудан, Сергий түштү ички дүйнөм ооруган, Тирүү Сөздөн жүрөгүм да тирилди, Жан киргендей жалбыракка соолуган. Жалбыракка соолуган. Айыгуу бар чындык Сенин сөзүңдө, Жаралуу бар Сенин ыйык үнүңдө. Сени менен биригүүмө ишенем, Асмандагы алтын такты үйүңдө, асмандагы алтын такты үйүңдө. Аткарылды! - арылдык биз күнөөдөн, Кургак сөөктөр Өз демиңден тирилген. Ар бир элден, ар бир тилдин алдыңда, Маңдай тескей турганыңа сүйүнөм. Аткарылды! - дүйнө бизден бөлүндү, Аткарылды! - Ыйык Рухуң төгүлдү. Аткарылды! - булут минип биз үчүн, Келе жаткан Ыйса Теңир көрүндү, Ыйса Теңир көрүндү.Напред върви! نقوى عليها مەنىڭ جۇرەگىمدە يسا سويلەپ تۇرسىن Deihzawk Tel Hun Ahi Бүх үндэстэн хэлтнүүдийн дундаас Sənin Adın bütün adlardan uca ถวายตัวให้พระองค์ Lord you are Good ạ̉nạ mtbạrk bạkẖwạty A szerelmesem
Song not available - connect to internet to try again?