Периштелер ыры асмандан угулат, Кубанычын бүт ааламга жар салышат. Ушул күнү төрөлгөн Кудай Уулу Бул ааламдын бүт жерине нурун чачат. Кайырма: Даңктагыла, даңктагыла Ыйык Уулун, ыйык Уулун, Теңирибиз Ыйсаны. Улуу Кудай Өзү келди бул дүйнөгө, Тең келбейт эч нерсе Анын сүйүүсүнө. Жүрөгүнүн тереңинен чыккан жарык Түбөлүккө орнотту сүйүү, бакыт. Түбөлүккө жашаганга умтулалы, Тозок отко баратканга кол суналы. Сүйүүсүнө сүйүү менен жооп берип, Бекер берген өмүрүнө бек туралы. Төрөлдү Куткаруучу ыйык Бала Күнөөкөрдү караңгыдан куткарууга. Сатып алды ыйык таза канына, Даңк асманда Куткаруучум Ыйсага! Куткаруучум жиберилген бул дүйнөгө Кудайымдын убадасын аткарууга. Бүт адамзат күтүп келген ушул күндү, Баарыбызга жарык чачкан ушул түндү.Sem, pastieri, pospiechajte Ti amo di più On je náš Spasiteľ О, Господи, моя душа Sweet anointing يللى بإيدك كل الكون Je cherchais à travers mes larmes 中国的门开了 yạ kẖbz ạlḥyạẗ Es exaltado, es el Rey exaltado
Song not available - connect to internet to try again?