Кудайдан куттуу күнү кубат алам, Кулпунуп чыга келет мага аалам. Кур кыял, аракетке алаксыбай, Кушубак көңүл менен Сага барам. Барам да, тилек тилеп, тизе бүгөм, Катчудай өзүмө өзүм жибек жүгөн. Өзгөчө өкүндүрөт өтмүштөрүм, Өзүмчө адам болуп жүргөнсүгөн. Теңирим, сүйүүң менен жарык кылып, Олдоксон ойлорумду каныктырып, Карматтың Tүбөлүктүн төп ачкычын, Өзүмө Өз өмүрүң салып туруп, салып туруп. Мен эми Жүзүмзардын жүзү болуп, Мезгилдин түшүм берер күзү болуп. Төгүлүп төшөлөйүн, Жаратканым, Жолдордун Сага барчу түзү болуп. Ак жашап кир дүйнөдө мөөнөтүмдү, Актасам экен, Ата, мээнетиңди. Канакей, көр дүйнөдө көкөлөтүп, Көрк бере жазган болсом Дөөлөтүңдү!wǒ yào fú shì zhǔ На Голгота Vorrei Scelgo Te Жаратылыс ән салады Бурханы сайн сайхан fyk mạ ạ̉rjw wạ̉ktẖr Մի Վախեցիր Քեզ Հետ եմ Ես Люди думают всерьез как ответить на вопрос Түнкү жылдыздар жымыңдайт
Song not available - connect to internet to try again?