Сапарга чыккан жолоочу, баратасың кай жакка? Ырайым кылып Теңирим, баратамын асманга. Алыс жолдо ашуу ашып, талаа кезип чөл кезип, Аралап мен түнт токойду, баратам үйгө досум. Асмандагы ал үйүңдүн, эмнесинде үмүтүң? Аппак кардай таза кийим, алтын таажы мен үчүн, Мөлтүр булактар шылдырап, түркүн гүлдөр кулпурат. Ыйсаны баратам ээрчип, аптап күндө чөл кезип. Азап кайгы коркунучтар, бар экенин билсеңчи. Сан жетпеген нериштелер, ар качан сактайт мени. Теңирим Ыйса жетелейт, бекем кармап колумдан. Эгер Теңирим сактаса, адашпаймын жолумдан. Ошол укмуш мекениңе, ала кетчи мени да. Ооба, досум, жүр тезирээк, колумду сунам сага. Алыс эмес мен эңсеген, кереметтүү ал дүйнө. Чын жүрөктөн сен ишенсең, жетебиз чогуу үйгө.Муқаддас Руҳ Эгеси ааламдын Сен Теңирсиң Veniti Eu va voi spune CHRIST THE TRUE VINE Barhayot Xudo Шагая по жизни Бу ҝүн ики ҝəнҹин тој мəҹлисидир Sarmani alergători spre moarte Alza gli occhi e guarda Aina no fetra ry Jesosy Tompo
Song not available - connect to internet to try again?